Кытайда аскердик заводдо жарылуу болду

Жарылууда 2 киши каза болуп, 10 кишиден кабар алына албай жатат

606739
Кытайда аскердик заводдо жарылуу болду

Кытайда аскердик заводдо чыккан жарылууда 2 киши каза болуп, 3 киши жараланды.

Синьхуа агенттигинин кабарына караганда Кытайдын чыгышындагы Анхуи аймагындагы аскердик ок – дары чыгарган бир заводдо чыккан жарылууда 2 киши каза болуп, 3 киши жараланды, 10 кишиден кабар алына албай жатат.

Анхуиде кечээ болгон жарылууда аймакка жакын отурукташуу жерлериндеги кээ бир үйлөр зыянга учурады.  Завод жайгашкан аймак коопсуздук чамбарына алынып, көп сандаган өрт өчүргүч, изилдөө – куткаруу жана саламаттык сактоо кызматкери аймакка жиберилди. Жарылууга эмненин себеп болгондугу азырынча белгисиз.



Тектеш кабарлар