Индия-Пакистан чек арасында атышуу болду

Пакистан да Индияга жооп кайтарды

606761
Индия-Пакистан чек арасында атышуу болду

Пакистан менен Индиянын ортосундагы Кашмир чек арасында атылган октон пакистандык 3 тургун каза болуп, 4 киши жаракат алды.

Азад Кашмир аймагынан маалымдалгандай, эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу чек ара болгон Кашмир көзөмөл бекетинен Индиянын аскерлери тарабынан ок атылды.

Индия армиясы тарабынан атылган себепсиз окко Пакистан күчтөрү да жооп кайтарды.

Бир тараптан Индия медиасы да чек аранын Пакистан тарабынан атылган октон бир аскердин көз жумганын билдирди.

Пакистан менен Индиянын ортосунда бөлүнгөн Кашмирде чыңалуунун курчушунан акыркы мезгилде чек арада эки өлкөнүн аскерлери тарабынан тез-тез ок атылып жатат.



Тектеш кабарлар