АКШдагы шайлоодо ким алдыда баратат?

Демократ партиянын талапкери Хиллари Клинтон менен Республикачыл партиянын талапкери Дональд Трамптын жарышы кызуу жүрүп жатат.

606681
АКШдагы шайлоодо ким алдыда баратат?

Америка Кошмо Штаттарында президенттик шайлоолордо сурамжылоолордун тескерсисинче Республикачыл талапкер Дональд Трамп алдыда баратат.

Добуштарды саноо процедуралары башталды бирок Трамп; Флорида, Огайо, Түндүк Каролина, Айова, сыяктуу маанилүү штаттарда жеңишке жетишип делегат санын 254кө жеткирди.

Демократ партиянын талапкери Хиллари Клинтон болсо Калифорния жана Невада штаттарында жеңишке жетишти. Клинтондун делегат саны ушуну менен 215ке жетти.

Шайлоочу кеңештин 538 делегатынан 270ин алган президенттик шайлоону жеңип чыгат.

Басма сөздө шайлоонун алдында 85 пайыз менен Клинтон жеңе турганы айтылып жатты. Бирок шайлоо башталгандан ушул убакка дейре Трамп күтүлбөгөн ийгиликке жетишти.

Шайлоодо Сенат жана Өкүлдөр палатасынын бир бөлүгү да белгиленет. Өкүлдөр палатасында Республикачылдар көпчүлүктү түзө турганы күтүлүүдө.

Сенатта да 6 жылдан бери үстөмдүктү колунда кармаган республикачылдар, бул шайлоодо көпчүлүккө ээ боло турганы белгиленүүдө.

Бир тараптан өлкөдө шайлоого кан аралашты.

Калифорнияда шайлоо участкасынын алдында ок атылышынан бир киши каза тарты. Полиция кол салгычтын өлтүрүлгөнүн жарыялады.



Тектеш кабарлар