Мосул операциясы

4 күндүн ичинде 12 маала менен 48 айыл ДЕАШтан куткарылды.

605850
Мосул операциясы

Ирак армиясы, Мосулду террордук уюм ДЕАШтан куткаруу операциясынын алкагында акыркы 4 күндүн ичинде 12 маала менен 48 айылды террордук уюм ДЕАШтан куткарды.

Коалиция учактары абадан колдоо көрсөткөн операцияда төрт күндө 202 террорист да жок кылынды.

Отчетто Ирак күчтөрүнүн жоготуулары тууралуу маалымат берилген жок.

Бул учурда Ирактын Мосул шаарына караштуу бир аймакта террордук уюм тарабынан өлтүрүлгөн 100 кишинин сөөгү тобу менен көмүлгөн көрүстөн табылды.

Коопсуздук күчтөрү сөөктөрдүн ДЕАШ менен кызматташуудан баш тарткан жаран же коопсуздукту сактоочу кызматкерлерге таандык экенин, айрымдарынын баштары кесилген абалда болгонун сөз кылышты.

Мосулдун террордук уюм ДЕАШтан тазаланышы үчүн Ирак армиясынын бөлүктөрү, Пешмерге күчтөрү жана көпчүлүгүн Башика лагериндеги түрк аскерлери машыктырган Нинова сакчылары 17-октябрда операция баштаган болчу.



Тектеш кабарлар