АКШда шайлоо

Эки талапкер да акыркы учурга чейин шайлоо үгүтүн улантты..

606107
АКШда шайлоо

Демократ партиясынын талапкери Хиллари Клинтон менен Республикачыл партиянын талапкери Дональд  Трамптын ортосундагы жарыш акырына келди.

Эки талапкер да акыркы учурга чейин шайлоо үгүтүн улантты..

Президенттик жарышында талапкерлер чечкинсиз болгон шайлоочуну таасири астына алуу үчүн колунан келгенди аткарды. Флорида, Калифорния жана Тексас сыяктуу добуш берүү ыктымалы жогору болгон аймактар абдан маанилүү..

Хиллари Клинтондун шайлоо үгүтүн жүргүзүү процессинде башын эң көп ооруткан тема эч шексиз электрондук почталары болду.

Тышкы иштер министрлигин аткарган мезгилде расмий жазышууларын жеке эсебинен жүргүзүү менен күнөөлөндү. Федералдык териштирүү бюросу FBI шайлоого сааттар калганда Клинтонду күнөөлөбөй тургандыгын билдирүүсү демократтардын маанайын көтөрдү. Демократтар жана республикачылдар шайлоодо жеңүүчү болоруна ишенүүдө. Бул шайлоодо президент менен бирге 100 мүчөлүү сенаттын үчтөн бири, 435 мүчөлүү өкүлдөр парламентинин болсо баары жаңыланат.



Тектеш кабарлар