Франциядагы Түркиянын Башкы консулдугуна кол салуу болду

Кечээ түнү болгон кол салууда жарылуучу заттар тийген имараттын зыянга учураганы байкалды.

605334
Франциядагы Түркиянын Башкы консулдугуна кол салуу болду

Франциянын Нант шаарындагы Түркиянын башкы консулдук имаратына жарылуучу зат ыргытылып, кол салуу болду.

Нант шаарынын башкы консулдугунан алынган маалыматка караганда кечээ түнү болгон кол салууда жарылуучу заттар тийген имараттын зыянга учураганы байкалды.

Окуя болгондон кийин дароо полиция ал чөйрөдө коопсуздук чара көрүүлөрүн арттырганын, кол салууга байланыштуу териштирүү башталганы бирок эч ким кармала электиги маалымдалды.



Тектеш кабарлар