Ирак армиясы Мосулдагы операциясын улантууда

Мосулду ДЕАШтан тазалоо операциясы 17-октябрдан бери уланууда.

604655
Ирак армиясы Мосулдагы  операциясын улантууда

Ирак армиясы Мосулдун түштүк жана батыш багыттарындагы 12 айылдын террор уюму ДЕАШтан кайтарылып алынганын жарыялады.

Ирак армиясына караштуу Биргелешкен операциялар командирлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында Мосулдун түштүк бөлүгүндөгү Аль-Арбид, Судай, Таййибе, Эс-Салахие, Эл-Машарик жана Тел эз-Зехеб айылдарынын каратылганын билдирди.

Ошондой эле шаардын батыш бөлүгүндө да Эл-Фарасие Суфла, Батише, Хирбету Ибаде Шарки, Хирбету Ибаде Гарби, Хирбету Хамади менен Хирбату Али Алу айылдарында көзөмөл камсыздалганын белгиледи.

Ирак армиясы коопсуздук күчтөрү жана Ирактын күрт аймактык башкаруусуна (IKBY) караштуу пешмерге күчтөрү катышкан жана эл аралык коалициялык күчтөр абадан колдоо көрсөткөн Мосулду ДЕАШтан тазалоо операциясы 17-октябрдан бери уланууда.



Тектеш кабарлар