Түркия-Украина аскердик кызматташуу

Аскердик техника тармагында кызматташуу үчүн түзүлгөн комиссиялар конкреттүү долбоорлорду иштеп жатышат

596545
Түркия-Украина аскердик кызматташуу

Түркия-Украина аскердик кызматташуу иштери уланып жатат.

Түркиянын коргонуу өнөр жайынын кеңешчиси Исмаил Демир менен аны коштогон делегация, Украинанын борбору Киевдеги жолугушууларынын алкагында Украинанын улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Александр Турчинов менен кезигишти.

Жолугушуу учурунда Турчинов Украина менен Түркиянын ортосундагы аскердик техника тармагында кызматташуу үчүн түзүлгөн комиссиялардын жигердүү иштеп жаткандарын баса белгилеп: «Биз брондолгон унаа, ракета, учак өндүрүшү сыяктуу конкреттүү долбоорлорду иштеп жатабыз»,- деп айтты.

Кеңешчи Демир болсо, Түркиянын Украина менен коргонуу өнөр жайы тармагындагы кызматташууну өнүктүрүүнү каалаганын, түзүлгөн координация тобунун иштиктүү иштеп жатканын жана долбоорлордун ишке ашуу баскычына келгенин билдирди.



Тектеш кабарлар