Евразияга сереп салуу-43

Владимир Путиндин Түркияга сапары

596935
Евразияга сереп салуу-43

Cиздер «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасын окуп жатасыздар. Программабыздын бүгүнкү бөлүмүндө Владимир Путиндин Түркияга сапары жөнүндө сөз кылабыз.

Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, 23-Дүйнөлүк энергетика конгрессине катышуу үчүн 10-октябрда Стамбулга бир күндүк расмий иш сапары менен келди. Владимир Путинди Стамбулда калың топ делегация коштоп жүрдү. Делегацияда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Орус вице-президенти Юрий Ушаков, Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Орусиянын энергетика министри Александр Новак, Орусиянын экономика министри Алексей Улюкаев, Орусиянын башкы штабынын төрагасы Валерий Герасимов, Газпромдун жетекчиси Алексей Миллер, Орусиянын мамлекеттик энергетика мекемесинин (Росатом) жетекчиси Алексей Лихачёв жана орус Роснефт компаниясынын жетекчиси Игорь Сечин бар эле. Путиндин сапары конгресске катышуу менен эле чектелип калган жок.

Дүйнөлүк энергетика конгрессинен кийин Түркиянын президенти менен Орусиянын президенти Стамбулдагы Мабейн комплексинде жолугушушту. Эрдоган-Путин жолугушуусу болжол менен эки саатка созулду. Жолугушуудан кийин орус газын Түркия аркылуу Европага жеткире турган «Түрк агымы» долбоору үчүн өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду. Келишим тууралуу кеңири маалымат берилген жок. «Түрк агымы» газ кууру долбоорунун курулушунун ылдамдатылаары айтылды. Алгач 2014-жылдын декабрь айында Орусиянын президенти Владимир Путин тарабынан жарыяланган «Түрк агымы» долбоору эки куурдан турат жана жалпы 32 миллиард куб метрдик көлөмгө ээ. Куурлардын биринин түздөн-түз Түркияга гана багыт алышы, ал эми экинчисинин болсо Орусиядан келген газды Түркия аркылуу Европага жеткириши пландалууда.

Лидерлер сүйлөшүүдөн кийин журналисттерге маалымат беришти. Президент Эрдоган: «Бүгүн урматтуу президент менен бир күн бою чогуу болдук. Түркия менен Орусиянын ортосундагы нормалдашуу процессинин ылдам уланаарына толук ишенебиз»,- деп айтты.

Владимир Путин болсо Түркияга газдын арзандатылышы үчүн керектүү буйруктардын берилгендигин айтты. Путин айрыкча түрк-орус карым-катнаштарынын космоско да жеткириле турганын сөз кылды. Путин: «Космос темасында да кызматташуу өнүктүрүлөт. Бул боюнча иш-чараларыбыз аланып жатат. Роскосмос түрк спутниктерин космоско учурат»,-деди. Жолугуудан кийин Эрдоган Путинди кызматтык унаасына чейин жеке өзү узатып барды.

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын маалымат жыйынында, Путин-Эрдоган жолугушуусунда Орусия менен коргоо өнөр жайы тармагында кызматташуу түзүү темасында макулдашылганын билдирди. Кремль болсо Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын Орусиянын президенти Владимир Путин менен Орусиядан абадан коргонуу системаларын сатып алуу ыктымалдуулугун сүйлөшкөндөрүн маалымдады.

Эки лидердин жолугушуусунан кийин Орусия-Түркия карым-катнаштарынын нормалдашуусун камсыздай турчу кадамдар удаама-удаа ташталууда. Мисал үчүн орус өкмөтү 11-октябрда чыгарган токтому менен Түркиядан келген апельсин, мандарин, өрүк жана шабдалыны тыюу салынган азыктардын тизмесинен чыгарды. Бул тууралуу билдирүүнү Путин Стамбулда жарыялаган болчу.

Орусиянын энергетика министри жана Орусия-Түркия өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы Александр Новак, 12-октябрда Анкара менен Москванын эки өлкөнүн ортосундагы телекоммуникация тармагында жана роуминг бааларынын төмөндөтүлүшү темасында сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөрүн айтты.

Учак кризисинен кийин Путин менен Эрдоган 3 жолу бетме-бет, төрт жолу да телефон аркылуу сүйлөшүштү. Ал эми Түркия-Орусия карым-катнаштары ылдам түрдө оңолуп баратат. Бул нормалдашуу эки тараптуу жана аймактык кызматташуу үчүн өтө маанилүү. Сирия маселеси менен катар Ирак, Тоолуу Карабах, терроризмге каршы күрөшүү сыяктуу темалардагы Түркия-Орусия кызматташуусу, энергетика, коргоо өнөр жайы, экономика жана туризм сыяктуу тармактарда эки тараптуу кызматташууну ылдам түрдө эң жогорку деңгээлге жеткирет.



Тектеш кабарлар