Йеменде ок атпоону узартыш керек

Исмаил Велид эш-шейх Ахмед, Йеменде кагылышкан тараптарга ок атышпоону дагы 72 саатка узартуу чакырыгын салды.

595078
Йеменде ок атпоону узартыш керек

БУУнун Йемендеги атайын өкүлү Исмаил Велид эш-шейх Ахмед, Йеменде кагылышкан тараптарга ок атышпоону дагы 72 саатка узартуу чакырыгын салды.

Ахмед жазуу түрүндөгү жарыясында Йеменде кагылышкан тараптарды 19-октябрь шаршемби күнү күчүнө кирген ок атпоону дагы 72 саатка узартуу чакырыгын салып, эки тараптан тең болгон бузууларга карабастан ок атпоонун чоң өлчөмдө таасири болгонун белгиледи.

«Өткөн күндөрдө, гуманитардык жардам жана азык-түлүк жардамынын ок атышуулардан зыян тарткан бир топ аймакка жеткенин көрдүк. БУУнун кызматкерлери мындан мурда жетүү мүмкүнчүлүгү болбогон аймактарга киришти»,-деген сөздөрдү жазган Ахмед, өлкөдө макулдашуу камсыздалган учурунда ок атышуунун толугу менен токтотулушунун маанисин баса белгиледи.

Ахмед, БУУнун саясий чечим табууну каалаганына жана ок атышууларды токтотуп Йеменде туруктуу ок атпоо камсыздалышын максаттаганына көңүл бурду.

Бир тараптан ок атпоо мөөнөтү бүткөнү аз калганда Таиз жана Шеббе шаарларында болгон ок атпоону бузуулардын себебинен 8 киши каза таап, 3 киши жаракат алды.

Бийликти жактаган Элдик туруктуулук күчтөрүнүн басма сөз жооптуусу Мажид Амр эл-Хариси, жазуу түрүндөгү жарыясында Шебве шиит хусилер жана аларга колдоо көрсөткөн Али Абдуллах Салихти жактоочулардын арасында болгон кагылышууларда каршы тараптан 6 киши каза болгонун белгиледи.

Йемендин расмий агенттиги САНАда орун алган кабарда болсо хусилер жана Салихти жактоочулардын Таизде отурукташкан жерлерге замбирек атуусунун себебинен 2 жаран каза болгонун, 3 кишинин жаракат алганын билдирди.



Тектеш кабарлар