Түндүк Корея дагы бир жолу ракеталык сыноо өткөрдү

Ракеталык сыноосу провокациябы?

593372
Түндүк Корея дагы бир жолу ракеталык сыноо өткөрдү

Түндүк Корея дагы бир жолу орто аралыкка атуучу ракетасын сынады.

Түштүк Кореянын башкы штаб төрагалыгынын билдирүүсүндө, Түндүк Кореянын 3 миң километрден ашуун аралыкка учуучу ракетасын сыноосу ийгиликсиз болгону белгиленди.

Түндүк Кореянын ушул жылдын башынан бери 8 жолу ракеталык сыноо өткөргөнү баса белгиленген билдирүүдө, сыноолордун жетиси ийгиликсиз болгону баяндалды.

Пентагондун басма сөз катчысы Гари Росс да Түндүк Кореянын орто аралыкка атуучу ракета сыноосун «провокация» деп мүнөздөдү.

Гари Росс АКШнын Пхеньян башкаруучулугунун атомдук иш-чараларына болгон санаркоосун БУУга билдирээрин кошумчалады.



Тектеш кабарлар