Иракта катуу кагылышуу болуп жатат

Ирактын аскердик конвоюна бомба жүктөлгөн унаа менен кол салуу болду.

592183
Иракта катуу кагылышуу болуп жатат

Ирактын Мосул шаарында террор уюму ДЕАШка каршы жүргүзүлгөн операцияга барган Ирактын аскердик конвоюна бомба жүктөлгөн унаа менен кол салуу болуп 70 аскер каза тапты. Кол салуу Билавет айылында бомба жүктөлгөн унаа менен жасалды.

Шаардын чыгышында болсо катуу кагылышуулар болуп жатат.

Жергиликтүү медиадан алынган маалыматка караганда Мосул операциясына 30 миң Ирак аскери менен 4 миң чакты пешмерге күчү катышууда.

Мосул операциясынын алкагында 12 айылдын көзөмөлүн колго алган пешмерге күчтөрүнөн алтоо каза болуп, 14 киши жаракат алды.



Тектеш кабарлар