Мосул операциясы кызуу уланууда...

ДЕАШ террор уюмун Мосулдан тазалоо операцияларында катуу кагылышуу болуп жатат.

591147
Мосул операциясы кызуу уланууда...

Эки жылдан бери террор уюму ДЕАШтын колунда турган Ирактын эң чоң экинчи облусу Мосулду тазалоо операциясы башталды.

Ирактын премьер-министри Хайдар аль-Ибади, операциянын башталганын мамлекеттик телеканалындагы бир программага катышканда жарыялады.

Ибади, операция убагында Мосул калкынын коопсуздук күчтөрүн колдоого алуулары керектигин суранды.

Ирак армиясы жана 15-18 миңдей пешмерге аскерлери, жайгаштырылган Хазыр фронтунан террор уюму ДЕАШка үч тараптан чабуул коюуда.

Мурдагы Мосулдун губернатору жана Нинова гвардиячыларынын командири Эсил Нужайфи, операцияга Башика лагериндеги түрк аскерлери машыктырган суннит күчтөрдүн да катышканын белгиледи.

Америка күчтөрү да Мосулду оор куралдар менен  аткылап жатат.

Коалиция өлкөлөрү да абадан колдоо көрсөткөн операцияда террор уюму ДЕАШ элементтеринин Мосул өрөөнүндөгү кыймылдуулугунун байкалышы үчүн аймак тик учарлар менен тынымсыз жарыктандырылууда.

Эрбил-Мосул негизги жолундагы пешмергелердин ДЕАШтын колундагы айылдарга карай илгерилөөсү уланууда.

Террор уюму ДЕАШ болсо чабууларга оор куралдар менен жооп кайтарууда.

Операцияда пешмерге күчтөрү Хазыр фронтунан Хамдание жана Бартилла жолунун боюндагы Тержеле, Тасахра, Күчүк Бедене, Бүйүк Бедене, Кеберви, Баскелан жана Шейх Эмир айылдарын уюмдан кайтарып алды.

Операциянын алкагында эң оболу христиан калк жыш жашаган Хамдание районунун тазаланышы максатталууда.

Пешмерге күчтөрүнүн Мосулду ДЕАШтан тазалоо операциясынын аклагында Хазыр фронтунда 7 айылды уюмдун колунан кайтарып алды.

Түркия да операциянын башталышы менен чек арадагы коопсуздук чара көрүүлөрүн арттырды.

Хабур чек ара капкасынын жакынындагы аскердик бөлүктөргө зооттолгон унаа ташуучу унаалар өткөрүлдү.

Ок дары ташыган унаалар да орун алган аскердик конвой түн ортосунда бөлүктөргө жетти.

Ирактагы коалициялык күчтөрдөгү АКШнын өкүлү Бретт Макгурк да, операциянын башталганын социалдык медиа тармагы твиттерден жарыялап, «Бул тарыхый операцияда сиздер менен болгон үчүн сыймыктанабыз»,-деп жазды.

АКШнын Коргоо министрлиги Пентагон болсо Мосул операциясынын ДЕАШ менен күрөшүүдө белгилөөчү роль ойной турганына көңүл бурду.

Бул учурда Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Мосул операциясынын алдындагы билдирүүсүндө Түркиянын талдуу жерлерине көңүл буруп, «Мосул операциясы шиит согушкерлер менен эмес, Ирак армиясы жана жергиликтүү күчтөр тарабынан жүргүзүлүшү керек», деген.

Аймактагы ар бир абалдын Түркиянын улуттук коопсуздугуна таасири болгонун баса белгилеген Чавушоглу, Түркиянын коопсуздугун коркунучка сала турган абалдарга каршы эл аралык укуктан келип чыккан укуктарын колдоно ала турганын баса белгиледи.

Чавушоглу аймактагы башкаруучулардын Ирактагы жана Сириядагы окуяларга сектачылык түшүнүк менен кароолоруна каршы экендиктерин дагы бир жолу баса белгиледи.



Тектеш кабарлар