Индияда жөөлөшүүнүн кесепетинен 24 киши каза болду

Окуя Ганж дарыясы өткөн Варанаси шаарында бир индус сектасынын жыйналышы убагында болду.

590635
Индияда жөөлөшүүнүн кесепетинен 24 киши каза болду

Индиянын Уттар-Прадеш провинциясында диний жыйналышта жөөлөшүү болуп 24 киши каза таап, 20 киши жаракат алды.

Окуя Ганж дарыясы өткөн Варанаси шаарында бир индус сектасынын жыйналышы убагында болду.

Сыйынуу боло турган лагерди көздөй бараткан 70 миңдей сектанын мүчөсү, полиция тарабынан артка кайтарылууга аракет кылынды.

Калың элдин жолдогу көпүрө кулаганы үчүн артка кайтарылганы жөнүндө ушак айың тараганынан дүрбөлөң болуп жөөлөшүү башталды. Жөөлөшүүдө каза тапкандардын 14ү аял экени белгиленди.

Жооптуу кызматтагылар мынчалык көп катышууну күтпөгөндөрүн, ошондуктан даярдык да көрбөгөндөрүн айтышты.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө орто эсеп менен 3 миң доллардан жөлөк пул төлөнө турганын жарыялады.



Тектеш кабарлар