Афганстанда күмбөзгө кол салуу жасалды

Эң чоң шиит күмбөздөрүнөн Карте – и Сакиде болгон кол салууда 36 киши жараланды

588095
Афганстанда күмбөзгө кол салуу жасалды

 Афганстандын борбор шаары Кабулда шиит хазаралар Кербела шейиттерин эскерүү үчүн чогулган күмбөзгө жасалган кол салууда бирөөсү полиция болгон он төрт киши каза болду. Кабулдун эң чоң шиит күмбөздөрүнөн Карте – и Сакиде болгон кол салууда 36 киши жараланды. Каза  болгондордун санынын артуусунан тынчсыздануулар болууда.  Көптөгөн сааттарга созулган кагылышуудан кийин куралдуу кол салуучу өлтүрүлдү. Талибан кол салуучу менен байланышынын жок экендигин билдирди. Кабулда  июль айында шиит хазаралар митинг үчүн чогулган  аймакка жасалган жан кечтилик кол салууда 80 киши каза болуп, 200гө жакын киши жараланган болчу. Кол салууну террордук уюм ДЕАШ моюнга алган болчу.



Тектеш кабарлар