Орусия Искендер ракеталарын Калининградга жайгаштырды

Орусиянын коргоо министрлиги ракеталардын Калининградга машыгуу үчүн жиберилгендигин жарыялады

585709
Орусия Искендер ракеталарын Калининградга жайгаштырды

Орусия Калининград шаарына атомдук дүрмөт тагыла ала турган Искендер ракеталарын жайгаштырды.

Орусиянын коргоо министрлиги ракеталардын Польша жана Литванын ортосундагы Орусия менен кургактыктан байланышы болбогон Калининградга машыгуу үчүн жиберилгендигин жарыялады.

Министрликтин катчысы ракеталардын орус армиясынын аскердик машыгуусунун бир бөлүгү катары жайгаштырылгандыгын айтты. Искендер ракеталары 740 километр алыстыкка ата алат.



Тектеш кабарлар