«Мэттью» бороон-чапкыны бүлгүнгө салууда
Бороон-чапкын АКШнын чыгыш жээктерине жетти.
585049
Гаитиде 478 кишинин каза болушуна себепчи болуп, Кариб аралдарын уруп өткөн «Мэттью» бороон-чапкыны АКШнын чыгыш жээктерине жетти.
Флорида жээктерине жеткен акыркы жылдардын эң күчтүү бороон-чапкынынын себебинен штаттын жалпысындагы 300 миң үйгө электр жарыгы берилбей эле.
Үйлөрүн таштап кеткен жүздөгөн адам автожолдордо узун кезекти түзүштү.
Гаитиде болсо бороон-чапкындан кийин жашоо токтоп калган сыяктуу.
Жереме шаарында отурукташуу жерлеринин 80 пайызы жок болду, Суд аймагында 30 миңге жакын үй урап, 20 миңден ашуун киши үй-жайсыз калды.
БУУнун гуманитардык жардам боюнча координация кеңсеси 350 миң кишинин жардамга муктаж экенин билдирди.