Орусия менен АКШнын ортосунда түзүлгөн келишим токтоду

Владимир Путин келишимдин токтотулушун көздөгөн токтомду кабыл алды.

581815
Орусия менен АКШнын ортосунда түзүлгөн келишим токтоду

Орусия АКШ менен түзгөн плутоний келишимин токтотту.

Президент Владимир Путин, плутонийди жок кылууга карата эки өлкөнүн ортосундагы келишимдин токтотулушун көздөгөн токтомду кабыл алды.

Ага себеп катары «шарттардагы түптүү өзгөрүүлөр жана АКШнын Орусияга душман сыяктуу мамиле кылышынын негизинде стратегиялык ырааттуулукка каршы коркунучтар» көрсөтүлдү.

Токтомдун дагы бир себебинин болсо АКШнын плутонийди жок кылууга карата убадаларын орундатпагандыгы айтылды.

Орусия менен АКШ 2000-жылдын 29-августунда плутоний запастарын азайтуу боюнча макулдашкан болчу.



Тектеш кабарлар