Сирияга БУУнун жардамдары жеткирилет

Лаерке БУУнун жардам конвойлорунун Сириядагы курчоо астындагы жана жетилиши кыйын аймактарга жардам жеткирүүнү калган жеринен уланта турганын белгиледи.

575229
Сирияга БУУнун жардамдары жеткирилет

Сирияда жарандык согуштан жабыр тарткан жаран калкка конвойлору менен жеткирилген жардамдар кайрадан башталат.

БУУнун гуманитардык иштер боюнча координациялык кеңсесинин катчысы Йенс Лаере, Халеб шаарына караштуу Урум эл-Кубра аймагында 19-сентябрда БУУ жана Сирия Кызылайына таандык гуманитардык жардам конвою атылгандан кийин токтотулган конвойлор менен жеткириле турган жардамдын кайрадан баштала турганын билдирди.

Лаере жазуу түрүндөгү жарыясында БУУнун жардам конвойлорунун Сириядагы курчоо астындагы жана жетилиши кыйын аймактарга жардам жеткирүүнү калган жеринен уланта турганын белгиледи.

Абадан чек аранын ары жагына жардам жеткирүүлөрдүн Дамаск менен кошо Сириянын ичинде бир канча күндөн бери тынымсыз уланганын белгилеген Лаере, БУУнун гуманитардык жардамдар үчүн коопсуз, шартсыз, тоскоолдуксуз жана туруктуу жетүү чакырыгын кайталады.

Жардамдар кайсы аймактарга жеткириле турганын айтпаган Лаереке, Халебдин чыгышына жетирилиши үчүн Жилвегөзү чек ара капкасынан Сирия тарапка өткөн жана орто эсеп менен бир жумадан бери бейтарап аймакта күткөн 40 фура ташып бараткан жардамдардын абалы тууралуу маалымат берген жок.

Халебге караштуу Урум эл-Кубрада Сирия Кызылайына таандык гуманитардык жардам алып бараткан конвойго 19-сентябрь Жекшемби күнү болгон абадан кол салууда 20 жаран каза тапты.

Кол салууга байланыштуу Орусияны жана Асад күчтөрүн  күнөөлөөлөр катуу талаш туудурду. Бул учурда БУУнун коопсуздук кеңешинде өткөн Сирия тууралуу жыйналышта сөз сүйлөгөн БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун, гуманитардык жардам конвойлоруна кол салууну айыптады.

«Болуп жаткан трагедия, бардыгыбыздын уятыбыз» деген Пан, Сирияда болгондордун кеңештин мүчөлөрүнүн бардыгын тынчсыздандырышы керектигин айтты.

Сирияда айрым аймактарда учууларга тыюу салынышы темасындагы талепке колдоо көрсөткөн Пан, бул өлкөдөгү согуш кылмыштарынын жана адам укуктарын бузуулардын Эл аралык Жаза сотуна өткөрүлүшү темасында да Коопсуздук кеңешине дагы бир жолу чакырык таштады.



Тектеш кабарлар