Орусия Жер Ортолук деңизге учак конуучу кемесин жөнөтөт

Орус армиясы аскердик күчүн арттырууда

574854
Орусия Жер Ортолук деңизге учак конуучу кемесин жөнөтөт

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Жер Ортолук деңизге учак конуучу кемесин жөнөтүүнү пландагандарын айтты.

Коргоо министрлигиндеги жыйында сөз сүйлөгөн Шойгу: «Учурда Чыгыш Жер Ортолук деңизде кеминде 6 орус согуштук кемеси жана 3-4 кошумча кемебиз бар. Аскердик күчтү арттыруу үчүн «Адмирал Кузнецов» атындагы учак конуучу кемесин аймакка жөнөтүүнү пландап жатабыз»,-деди.

Мындан мурда орус басма сөзүндө орун алган жаңылыктарда, Орусиянын жалгыз согуштук кемеси Адмирал Кузнецовдун Сириядагы операцияларда колдонуу үчүн Жер Ортолук деңизге жибериле турганы билдирилген эле.

Бир тараптан Орусиянын Коргоо министрлигинин катчысы Игорь Конашенков, АКШнын жетекчилигиндеги коалиция күчтөрүнө таандык учкучсуз учактын Халебге караштуу Урум эл-Кубра аймагында 19-сентябрда БУУ жана Сирия Кызылайына таандык гуманитардык жардам конвоюна кол салган учурда аймакта учканын айтты.

Конашенков коалицияга таандык учкучсуз учактын Инжирлик базасынан учканын белгилеп: «Учак 19-сентябрь күнү кечинде конвой орун алган аймакта 3 миң 600 метр бийиктикте жана орто эсеп менен 200 километр ылдамдыкта учуп жүргөн болчу. Учкучсуз учак окуя боло электе бир канча мүнөт мурда аймакка кирди жана орто эсеп менен жарым сааттан кийин чыкты»,-деп айтты.

Жардам конвоюна кол салууда 20 карапайым тургун каза болгон болчу.



Тектеш кабарлар