Индонезияда сел жүрдү

Жава аймагында болгон селде 20 киши каза тапты

574873
Индонезияда сел жүрдү

Индонезиянын батыш Жава аймагында болгон селде 20 киши каза тапты. Жетекчилер катуу жамгыр жаашы жол ачкан сел жана жер көчкүлөрдө 14 кишинин да жоголгондугу билдирилди.

Жиманук дарыясынын ташуусу менен Гарут шаарына караштуу 7 райондо көп сандаган үйдү суу каптап, суунун деңгээли кээ бир аймактарда эки метрге жогорулады. 1000ге жакын киши ишенимдүү жерлерге жиберилди.

Аймакта саламаттыкты сактоо чатырлары курулуп, изилдөө – куткаруу иштери үзгүлтүксүз  улантылууда. Ортоңку Жава аймагында да июнь айында болгон сел жана жер көчкүлөрдө 47 киши каза болуп, 14 киши жараланган.



Тектеш кабарлар