Кытайды бушайман кылган бороон-чапкын

"Меранти" тайфуну Кытайдын бир эле провинциясын 2 миллиард 500 миллион доллардык чыгымга учуратты.

572509
Кытайды бушайман кылган бороон-чапкын

Кытайда жылдын эң катуу бороон-чапкыны «Меранти» тайфунунда 28 киши каза болду.

Фужиен провинциясында 18 киши каза болду. 11 киши да жоголгон аймакта 18300 үй зыянга учурады, түздөн-түз экономикалык жоготуу да 2 миллирд 500 миллион долларга жетти.

Жыжианг провинциясында болсо каза болгондордун саны 10го жетсе, шамал жана нөшөрлөп жааган жамыгрда жоголгон төрт кишиден дагы эле кабар алына элек.

Тайванда бейшемби күнү бир кишинин жанын алып, 50дөн ашуун кишини жабыркатып кеткен тайфун, жума күнү Кытайдын түштүк чыгышында таасирдүү боло баштады.

Меранти тайфунунан кийин Тайвандын чыгыш жээктерин уруп өткөн экинчи тайфун толкуну «Малакас» болсо Кытайдын түштүк чыгышындагы Фужиен жана Жыжианг провинцияларына таасирин тийгизе турганы күтүлүүдө.

Ылдамдыгы саатына 198 км жеткен Малакас тайфунунун себебинен кечээ Тайвандын борбор калаасы Таипейде мектеп жана ишканалар эс алууга чыгарылды, аймактагы 183 учак сапары болсо жоюлду. Кытайдын чыгышындагы айрым провинцияларда болсо экинчи тайфун толкунуна каршы даярдык сары-кызгылт түсү менен белгиленди.



Тектеш кабарлар