Сирияда ок атпоо келишими 48 саатка узартылат

Керри менен Лавров телефон аркылуу сүйлөштү

570973
Сирияда ок атпоо келишими 48 саатка узартылат

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Сирияда жарыяланган 7 күндүк ок атпоо келишимин 48 саатка узартылышы темасында макулдашты.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин катчысы Марк Тонер күнүмдүк маалымат жыйынында, Сириядагы ок атпоо келишиминин акыркы абалы жөнүндөгү суроолорго жооп берди.

Керри менен Лавровдун телефон аркылуу сүйлөшкөндөрүн белгилеген Тонер, эки министрдин Сирияда 12-сентябрь дүйшөмбү күнү башталган 7 күндүк ок атпоонун эки күнгө узартылышы боюнча макулдашкандарын айтты.

Мурдагы күндөргө салыштырмалуу Сириянын жалпысындагы күч колдонуунун бираз азайгандыгын баса белгилеген Тонер, бирок дагы деле айрым бузуулардын болуп жатканын билдирди.

Асад режимине караштуу аскерлер менен айрым оппозициячылдардын ок атпоо макулдашуусун бузуп жаткандарын айткан Тонер, Москваны Асаддын үстүндөгү таасирдүүлүгүн колдонууга жана гуманитардык жардамдардын жеткирилишин камсыздоого чакырды.

«Гуманитардык жардамдардын өз жерлерине жеткирилгенин азырынча көрө элекпиз» деген Тонер, орустардын Асад режимине дагы көп кысым көсөтүшү керектигин кошумчалады.

Курман Айт майрамында Сириядагы кагылышууларды токтотуу максатында АКШ менен Орусиянын ортосунда 9-сентябрь жума күнү Швейцариянын Женева шаарында макулдашуу түзүлгөн. Бир жумага созулаары билдирилген ок атпоо процесси 12-сентябрь дүйшөмбү күнү Сириянын жергиликтүү убактысы боюнча саат 18.45те күчүнү кирген болчу.



Тектеш кабарлар