Танзанияда жер титиреди

Танзаниядагы жер титирөөдө 11 киши каза таап, 100 киши жаракат алганы билдирилди. Виктория көлү ушул аймакта.

569183
Танзанияда жер титиреди

Танзанияда 5,7 баллдык жер титирөө болуп өттү. Анда 11 киши каза таап, 100 киши жаракат алды.

Эпицентри өлкөнүн түндүгүндөгү Нсунганын түндүк чыгышы болгон  силкинүүнүн жердин 10 км тереңдигинен келгени белгиленди.

Виктория көлү аймагында болгон жер титирөө Руандада жана көлдө жээктери орун алган Кения менен Угандада да сезилди.

Аймакта эң акыркы жолу 2004-жылы 4,7 баллдык жер титирөө катталган. Ал жер титирөөлөр жер көчкүгө себепчи болгон.



Тектеш кабарлар