АКШда 11-сентябрды эскерүү

Тарыхтын агымын өзгөрткөн 11-сентябрь кол салууларынан кийин мурдагы президент Жорж Буш, Ооганстан жана Иракка кол салуу чечимин чыгарган.

569284
АКШда 11-сентябрды эскерүү

Америка Кошмо Штаттарында эң чоң террордук кол салуулардан бири катары катталган 11-сентябрь кол салууларынын 15-жылы Нью-Йорктон баштап өлкөнүн бир топ жеринде эскерилет.

Террор уюму Аль-Каиданын 2001-жылы 11-сентябрда Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборуна (эгиз муналарга) жана АКШнын Коргоо министрлиги Пентагонго болгон террордук кол салууларда каза болгондорду эскериш үчүн иш-чараларды өткөрөт.

Иш-чаралар үчүн тыгыз коопсуздук чаралар көрүлүп АКШнын Тышкы иштер министрлиги да 11-сентябрдын алдында дүйнөдө атуулдарын ыктымалдуу террордук кол салууларга карата эскертти.

Кол салууларда каза болгондор эскериле турган Нью-Йорктогу иш-чара, кол салууларда алгачкы учактын эгиз мунарага урунган саат болгон 8:46да башталат.

Нью-Йорк полициялык уюму иш-чаралар өткөрүлө турган убакта эскерүү аянтынын чөйрөсүндөгү бир канча көчөлөрдү транспортко жабат.

Нью-Йорктун өрт өчүргүч уюмунда да эскерүү иш-чарасы өтөт.

Буга кошумча 11-сентябрь кол салууларында кызмат өтөй турган Нью-Йорк полициясы жана Өрт өчүргүч уюмунун мүчөлөрүнүн урматына Пентагондон Нью-Йоркту көздөй 400 км аралыкка чуркоо башталды. Жума күнү Пентагон орун алган Виргиниядан башталган чуркоо бүгүн Нью-Йоркто аяктайт.

2001-жылы 11-сентябрь кол салууларында 4 жүргүнчү учагы качырылып, учактардан экөө эгиз муналарды барып сүзгөн. Качырылган бир учак болсо борбор шаар Вашингтонду бутага алса, төртүнчү учак F-16лар тарабынан Пенсилваниянын элет жеринде атып түшүрүлгөн.

Тарыхтын агымын өзгөрткөн 11-сентябрь кол салууларынан кийин мурдагы президент Жорж Буш, Ооганстан жана Иракка кол салуу чечимин чыгарып, Ак үйдүн Жакынкы чыгыштагы согушту жактаган саясаты чоң каршы чыгууларды тарткан.

Буштун «Терроризм менен согушуу кампаниясынын» алкагында түзүлгөн АКШнын Улуттук коопсуздук кеңеши (NSA) ал өлкөдө мыйзамсыз тыңшоолорго баштаса, «цивилизациялар кагылышуусуна» жана исламофобияга пайдубал түзүп берген 11-сентябрь кол салуулары АКШдан баштап батыштык мамлекеттерде мусулмандарга каршы кылынган жек көрүү кылмыштарын күчөтүп жиберген.



Тектеш кабарлар