Ооганстанда айрым жерлерге кол салуулар болду

Кабулда Эл аралык гуманитардык жардам фонду кеңсесинине кол салуу болуп 1 киши каза таап, 6 киши жараланды.

566240
Ооганстанда айрым жерлерге кол салуулар болду

Ооганстандын борбор калаасы Кабулда Эл аралык гуманитардык жардам фонду кеңсесинине кол салуу болуп 1 киши каза таап, 6 киши жараланды.

Кеңседе орун алган 31 киши болсо 10 саатка созулган операция менен куткарылды, кол салгычтар жок кылынды.

Аймакка кирип чыгууларга тыюу салынды. Кол салууну азырынча моюнга алган эч ким боло элек.

Коргоо министрлиги имаратынын жакынында кечээ болгон эки башка бомбалуу кол салууда каза болгондордун саны 35ке жетти.

Каза болгондордун арасында бир генерал да бар.

Талибан моюнга алган кол салууда 103 киши да жаракат алды.

Жаралуулардын айрымдарынын абалынын оор болушу каза болгондордун санын көбөйтө турганы санаага салып жатат.



Тектеш кабарлар