Түштүк Корея баллистикалык ракеталарын сынады

Түштүк Корея Түндүк Кореянын батыш жээгинен 3 баллистикалык ракета учурганын жарыялады.

565813
Түштүк Корея баллистикалык ракеталарын сынады

Түштүк Корея Түндүк Кореянын батыш жээгинен 3 баллистикалык ракета учурганын жарыялады.

Түштүк Кореянын башкы штаб төрагалыгынын жарыясына караганда Түндүк Кореянын Хвангжу шаарынан 3 баллистикалык ракета учурулганын, ракеталар өлкөнүн чыгыш жээгине түшкөнү билдирилди.

Анда ракеталардын орто аралыкка учуучу жана Родонг үлгүсүндө болгону белгиленди.

Япониянын өзгөчө экономикалык аймагына түшкөн ракеталар Токионун да каршы чыгуусун тарты.

Япониянын коргоо министрлиги, «Дагы эле деталдарын иликтеп жатабыз. Бирок бул улуттук коопсуздугубуз үчүн олуттуу бир коркунуч. Терең капага баттык»,-деп жарыялады.

Ракета сыноосунан кыска мөөнөт өткөндөн кийин Чоң жыйырмалыктын саммитинде жолуккан Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хе жана Япониянын өкмөт башчысы Синдзо Абэ, окуянын изилденишинде кызматташтык кылынышы темасында макулдашышты.

Түндүк Корея 24-августта да бир суу астындагы кемесинен 500 км аралыкка атуучу ракетасын сынаган.



Тектеш кабарлар