БУУда баш катчыны шайлоо жараяны

Добуш берүүдө Португалиянын мурдагы премьер-министри Антонио Гутеррес үчүнчү ирет алдыңкы орунду ээледи.

561792
БУУда баш катчыны шайлоо жараяны

Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңеши жаңы баш катчыны белгилөө процессинде үчүнчү добуш берүү өткөрүлдү.

Добуш берүүдө Португалиянын мурдагы премьер-министри Антонио Гутеррес үчүнчү ирет алдыңкы орунду ээледи.

Добуш берүү жабык отурумда өттү.

Добуш берүүдө ар бир өлкө 10 талапкер үчүн макул, каршы же калыс деген добуштарды беришти.

15 мүчөлүү Кеңеште Гутеррес 11 макул, 3 каршы жана 1 арсар добуш алды.

Добушка салууда Словакиядан Мирослав Лайчак болсо 9 макул деген добуш алып экинчи орунду алды.

Баш катчылык үчүн учурда 5и айымдан турган 10 талапкер ат салышууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңеши тандай турган талапкерин бекитиш үчүн Башкы ассамблеяга жиберет.

Баш катчы Пан Ги Мундун кызмат мөөнөтү 31-декабрда соңуна чыгат.

БУУнун жаңы баш катчысы 2017-жылдын 1-январынан тарта кызматын баштайт.

 

 



Тектеш кабарлар