Марк Тонер Гүлендин тапшырылышы тууралуу маалымат берди

Тонер азыркы учурда тапшыруу талабына байланыштуу документ жана матераилдарды карап жатышкандыктарын белгиледи

558410
Марк Тонер Гүлендин тапшырылышы тууралуу маалымат берди

АКШнын тышкы иштер министрлиги Түркиянын Фетуллахчы террордук уюмдун лидери Фетуллах Гүлендин тапшырылышын расмий түрдө талап кылгандыгын билдирди.

АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчысы Марк Тонер күнүмдүк басма сөз брифингинде ФЕТӨ лидери Гүлендин тапшырылышына байланыштуу суроолорго да жооп берди.

Түркиянын АКШнын Пенсильвания аймагында жашаган Гүлендин тапшырылышына карата талабына байланыштуу кандайдыр бир өзгөрүүнүн бар же жок экендиги боюнча суроого : «Түркиянын Гүлендин тапшырылышын талап кылгандыгын далилдей алабыз»,- деп жооп берди Тонер.

Тонер азыркы учурда тапшыруу талабына байланыштуу документ жана матераилдарды карап жатышкандыктарын белгилеп, талаптын 15 -июлдагы козголоң кыймылы менен байланыштуу эмес экендигин белгиледи.

Талапка байланыштуу дагы көп маалымат бере албай тургандыгын баса белгилеген Тонер козголоң кыймылынын тышында «башка себептерден улам» Гүлендин тапшырылышы талап кылынгандыгын айтты.

 



Тектеш кабарлар