Италиядагы жер титирөөдө каза болгондордун саны өсүүдө

Италиянын ортоңку аймагында эртең менен болгон жер титирөөдө каза болгондордун саны 73кө жетти.

558649
Италиядагы жер титирөөдө каза болгондордун саны өсүүдө

Италиянын ортоңку аймагында эртең менен болгон 6,2 баллдык жер титирөөдө каза болгондордун саны 73кө жетти.

Италиянын Улуттук геофизика жана вулканология институту жергиликтүү убакыт боюнча саат 3:35 чамаларында Реити шаарына караштуу Аккумоли аймагында болгон 6 баллдык жер титирөөнүн жердин 4 км тереңдигинде болгонун жарыялады.

Жарандык коргонуу топтору, өрт өчүргүч топтор жана Италия армиясы да колдоо көрсөткөн издөө-куткаруу иштери уланып жатканда, жер титирөө болгон аймакта орун алган Arquata del Tronto районунда 4 жана 7 жаштарында эки баланын урандынын астынан аман чыгарылганынын маалыматы басма сөзгө чыгылышты.

Аккумоли муниципалитетинин башчысы Стефано Петруки Rainews24 каналына берген маалыматында бул апаатты 2009-жылдагы Аквила жер титирөөсүнө окшотту жана аймактагы абалдын абдан трагедиялуу болгонун айтты.

Петрукки, райондорундагы эч бир үйдүн жашалгыдай абалда эместигин айтты.

Аккумоли сыяктуу жер титирөөдөн эң көп таасир алган Аматрисенин шаар башчысы Сержио Пироззи да райондорунда ондогон өлүк бар экенин билдирди.

Буга кошумча аймакта кайталанган термелүүлөр уланып жатат. Бир тараптан католик дүйнөсүнүн руханий лидери папа Францис да Ватиканда шаршемби күнкү жалпы кабыл алуусунун алдында жер титирөөдө каза тапкандар үчүн дуба кылды.

Жер титирөөдөн кийин таңдын алгачкы нурлары менен аймактагы кыйроо да так көрүнө баштады. Аматрике шаарынын башчысы Сержио Пироззи, маалыматында «Районумдун жарымы жок. Урандылардын астында адамдар бар»,-деди.

2 сейсмикалык сызыктын үстүндө орун алган Италияда 2009-жылы болгон жер титирөөдө 300 киши каза болгон.



Тектеш кабарлар