Италияда жер титиреди

Италияда болгон жер титирөөдө 13 каза болду.

558225
Италияда жер титиреди

Италиянын Перугиа шаарынын түштүгүндө 6,2 баллдык жер титирөө болуп өттү. Арасында балдар да болгон 13 киши каза тапты.

АКШнын Геологиялык изилдөөлөр борбору эпицентри Перугиа шаарынын 76 км түштүк чыгышы болгон жер титирөөнүн, жердин 10 км астында болгонун жарыялады.

Айрым имараттар да оор зыянга учураган жер титирөө борбор шаар Римде да сезилди.Термелүүлөр 20 секунддан да көпкө созулганы белгиленди.

Аймактагы издөө куткаруу иштерине италян армиясы да катышууда. Көп сандаган кишинин уранды астында калганынан санааркалып жатат.

Жооптуу кызматтагылар 100 кишиден дайын жок экенин жарыялады.

2 сейсмикалык сызыктын үстүндө орун алган Италияда 2009-жылы болгон жер титирөөдө 300 киши каза болгон.

 



Тектеш кабарлар