Калашников аэропортто курал саткан магазин ачты

Орусиянын эң чоң курал өндүрүүчүлөрүнөн Калашников Москвада Шереметова аэропортунда магазин ачты

557493
Калашников аэропортто курал саткан магазин ачты

Орусиянын эң чоң курал өндүрүүчүлөрүнөн Калашников Москвдаа Шереметова аэропортунда магазин ачты.

Орус кабар агенттиги РИА Новостиден берилген маалыматка караганда магазиндин ачылышында сөз сүйлөгөн Калашников фирмасынын маркетинг боюнча директору  Владимир Димитриев : «Орусия дегенде эске биринчи болуп келген маркалардын бирөөсү Калашников. Ушул себептен Орусияга келип кеткендер үчүн бул жерде эстелик берүүнү кааладык»,- деди.

Аэропорттун экинчи кабатында орун алган мазагиндерде сумка жана кийим сыяктуу продукциялар менен кээ бир куралдардын да сатыла башташы кээ бир коопсуздук тынчсызданууларды да кошо ала келди.

Өзгөчө АК – 47 моделдеги курал менен дүйнөнүн эң көп курал саткан фирмаларынын арасында орун алган Калашниковдун 51 пайыздык акциясы мамлекетке таандык.



Тектеш кабарлар