Израиль Газа тилкесин дагы бомбалады

Аянттарга 15тен ашуун ракета огу түшүп, айланадагы үйлөр зыянга учурады.

556731
Израиль Газа тилкесин дагы бомбалады

Израилдин согуштук учактары Газага абадан кол салды.

Көргөн күбөлөрдүн айткандарына караганда согуштук учактар Газа тилкесинин түндүгүндөгү Бейт Ханун аймагында бош талаа аянттарын бомбалады, танкалар болсо чек арадан аткылады.

Аянттарга 15тен ашуун ракета огу түшүп, айланадагы үйлөр зыянга учурады.

Бейт Лахия аймагында болсо Палестинанын каршылык көрсөтүүчү уюмунун 2 жери бомбаланды.

Газадагы Саламаттык сактоо министрлигинин катчысы Эшреф аль-Кудра, кол салуулардан бутуна бытыранды тийген палестилалык бир жаш бала жаракат алганын, 3 баланын да катуу чоочулап калганын айтты.

Израиль армиясынын катчысы Аваачей Адрии армиянын Газадагы Хамаска таандык жерлерге бомба жаадырганын ырастады.

Адрии Газа кол салуусунун себебинен Палестинадан Израилдеги бош бир аянтка атылган ракета болгонун айтты.

Израиль армиясынын кечээки маалымдоосунда Газадан атылган ракетанын Израилдин Сидерот шаарындагы ачык аянтка түшкөнүн, окуяда каза болгон же жаракат алган болбогонун жарыялаган.

Армия андан кийин Газа тилкесинин чек ара аймактарындагы айрым жерлерди аткылыган.

Израиль себеп катары көрсөткөн ракета кол салуусун болсо Газа тилкесиндеги палестиналык топтордон моюнга алган эч ким болгон жок.



Тектеш кабарлар