Трампка брифинг берилди

Трамп абдан чоң конвойдун коштоосунда барган FBI имаратында катуу коопсуздук чараларынын көрүлгөндүгү байкалды

554506
Трампка брифинг берилди

 

Трамп абдан чоң конвойдун коштоосунда барган FBI имаратында катуу коопсуздук чараларынын көрүлгөндүгү байкалды.

Улуттук коопсуздук жетекчилери тарабынан берилген жана эки сааттан ашуун убакытка созулган брифингге Трамптын бир группа кеңешчиси да катышты. Трамп брифингге байланыштуу басма сөзгө маалымат берген жок.

Барак Обамага да 2008 -жылдагы шайлоодон мурда ушуга окшогон бир брифинг берилгендигин эске салган булактар мындай жыйындарда дүйнөдөгү абалдар тууралуу чалгындоо темаларынын каралгандыгы белгиленүүдө.

Дональд Трамп FBIдагы чалгындоо брифингинден мурда Нью – Йорктогу шайлоо борборунда өз коопсуздук жана чалгындоо кеңешчилери менен бир жыйын өткөрдү. Жыйында эң көп ДЕАШ террордук уюму менен күрөш темасы каралды.



Тектеш кабарлар