Иракта кол салуу

Кол салууда 12 киши каза болуп, 35 киши жараланды

554713
Иракта кол салуу

Ирактын түндүгүндөгү Салахаддин аймагында өлкө ичинде  көчүүгө мажбур болгон жарандар жашаган борборго жасалган кол салууда 12 киши каза болуп, 35 киши жараланды.

Ирак полиция уюмунда кызмат кылган капитан Ияд Самураи жаралуулардын арасында абалы оор болгондордун бар экендигин белгилеп, пулемет окторунун террордук уюм ДЕАШтын текшерүүсү астындагы Шеркат тарабынан келгендигин айтты.

Шеркат районунда жашаган жарандар армиянын райондогу блокада жана ДЕАШтын  кол салууларынан кутулуу үчүн Бейжиге качууга аракет кылууда.

Ирак армиясы эки айга жакын убакыт мурда Мусулдун түштүгүндөгү Шеркат жана Каййаранын террордук уюм ДЕАШтан кайра алынуусу үчүн операция баштаган болчу.



Тектеш кабарлар