Францияда румын лагерине кол салуу болду

Ким экени белисиз кишилер колдо жасалган бамбалар менен жасаган кол салууда көп сандаган киши жараланды. Лагердеги 7 киши ооруканага жаткырылды

553697
Францияда румын лагерине кол салуу болду

Франциянын Марсель шаарындагы Румын лагерине кол салуу жасалды. Аймакта чыккан «Ла Провенсе» гезитинде орун алган кабарга караганда шаардын 15 -  аймагында жайгашкан Магалло бульварындагы лагерге кол салуу жасалды.

Ким экени белисиз кишилер колдо жасалган бамбалар менен жасаган кол салууда көп сандаган киши жараланды. Лагердеги 7 киши ооруканага жаткырылды.

Кол салууга учураган лагердин Марсель аймагындагы эң чоң румын лагери экендиги белгиленип, 21 -  июлда да аймактагы башка бир лагерге кол салуу жасалып бир жаш жигит өлтүрүлгөн.

Акыркы жылдарда румындарга кол салуу көбөйө баштаган Францияда өкмөттүн чыгарган чечими менен бир топ лагерь таркатылган. Францияда румындарга карата мамиле жана лагерлердин таркатылуусу чечимдери Европа кеңеши тарабынан сынга алынган.



Тектеш кабарлар