АКШда сел жүрүүдө

АКШнын Луизиана аймагында ашыкча жамгыр жаашы жол ачкан селдерде 11 киши каза болду, он миңдеген киши үйсүз калды

553430
АКШда сел жүрүүдө

АКШнын Луизиана аймагында ашыкча жамгыр жаашы жол ачкан селдерде 11 киши каза болду, он миңдеген киши үйсүз калды.

Апааттан улам 20 миң кишинин коопсуз жерлерге жиберилгендигин жана 11 миң кишинин баш калкалай турган жер издеп жаткандыгын билдирген жетекчилер миңдеген үйдүн зыян тарткандыгын жана көп сандаган унаанын селге кабылгандыгын белгиледи.

Дарыялардын  ташуусу менен кээ бир аймактарда суунун деңгээли 60 сантиметрден ашты.

Луизиана башкаруучусу Жон Бел Едварс аймакта өзгөчө абал жарыялап, Федералдык чукул абалдарды башкаруу мекемесинен жардам талап кылды.

Коркунучтун азырынча өтө электигин белгилеген жетекчилер кээ бир аймактарда суунун деңгээлинин жогорулашы боюнча эскертишти. Аймакта 2005 -  жылы Катрина апааты болуп, сел 1245 кишинин каза болушуна себеп болгон.



Тектеш кабарлар