АКШда өрт

Аймакта  кургактык болгон жай айларында бат - бат өрт чыгып турат

553794
АКШда өрт

АКШнын Калифорния аймагында элет жеринде чыккан өрт кенен  жайылары менен 82 миң киши аймактан чыгарылды. Калифорниянын токой жана өрттөн коргоо мекемесинин жетекчилери Сан Бернардино шаарынын жакындарында башталган жана бир канча сааттын ичинде эң аз 20 километрдик аянтка жайылган өрттөн улам чукул абал жарыялангандыгын билдиришти.

Өрт менен күрөшкөн көп сандаган өрт өчүргүч жараланган аймакта көп сандаган үй өрткө багынды. Эң аз 34 миң үйдүн коркунуч астында экендиги билдирилди. Калифорниянын  түштүгү менен Лас Вегасты байланыштырган негизги жол да өрттөн улам жабылды. Аймакта  кургактык болгон жай айларында бат - бат өрт чыгып турат. Бул жылы Калифорниянын кээ бир аймактарында ушул кезге чейин 4 миңден ашуун өрт чыкты.

 

 



Тектеш кабарлар