Түштүк Суданга тынчтык күчү аскерлерин жиберүү чечими

Кеңеште 11 мүчө жактаган добуш берсе Орусия, Кытай, Венесуэла жана Египет арсар болушту

550978
Түштүк Суданга тынчтык күчү аскерлерин жиберүү чечими

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Түштүк Суданга 4 миң тынчтык күчү кызматкерин жиберүү чечимин чыгарды. Кеңеште 11 мүчө жактаган добуш берсе Орусия, Кытай, Венесуэла жана Египет арсар болушту. Долбоор тогуз добуш чегин ашкандыктан  кабыл алынды.

Түштүк Суданга тынчтык күчү деп жиберилишине чечим чыгарылган 4 миң кызматкерге берилген алдыңкылыктарга караганда дагы кенен жоопкерчилик берилет.

Бул аскерлердин да жиберилиши менен өлкөдөгү тынчтык күчү кызматкерлеринин саны 17 миңге жакындайт.

Түштүк Судан өкмөтү добуш берүүдөн мурда билдирүү жасап жана кеңештин бул чечимин тааныбай тургандыгын, бул чечимдин өлкөнү колонияга алуу потенциалынын бар экендигин билдирген болчу. Акыркы мезгилде БУУнун отурукташуу жерлерине баш калкалаган жарандарга карата кол салууларда көп сандаган киши каза болду.

БУУнун Түштүк Судан миссиясы жарандарды коргоого алууда ийгиликсиз болушу менен сынга алынган болчу.



Тектеш кабарлар