Афганстанда кол салуу болду
Кол салууда 5 киши каза болуп, 9 киши жараланды
550197
Афганстандын батышындагы Герат аймагынын Шиндент районунда жасалган бомбалуу кол салууда 5 киши каза болуп, 9 киши жараланды. Герат акиминин катчысы Жейлани Фархад мотоциклга жайгаштырылган бомбанын райондук полиция пунктунун жакынында алыстан башкаруу менен жардырылгандыгын айтты.
Тегеректеги дүкөндөр зыян тартып, азырынча кол салууну моюнга алган болгон жок.