Украина Крымга кол салууга даярданып жатабы?

Крым чек арасына аскердик бөлүктөрдү жайгаштырган Киев башкаруучулугу болсо, күнөөлөөлөрдү провакация деп мүнөздөдү.

550173
Украина Крымга кол салууга даярданып жатабы?

Орусия Украинанын Крымга саботажчыларды жибергендигин жана кол салууга даярданып жатканын сөз кылды.

Крым чек арасына аскердик бөлүктөрдү жайгаштырган Киев башкаруучулугу болсо, күнөөлөөлөрдү провакация деп мүнөздөдү.

Украинанын президенти Петр Порошенко, Крым чек арасы жана Украинанын чыгышындагы армияга согушка даяр туруу тапшырмасын бергенин айтты.

2014-жылы Украианын чыгышындагы Орусияны жактаган козголоңчулар менен армиянын ортосунда башталган кагылышуулар, Крымдын Орусия тарабынан аннексияланышы менен жыйынтыкталган.

Кагылышууларда ушул учурга чейин миңдеген киши каза болду.

Москванын Украинадагы козголоңчуларга түздөн-түз колдоо көрсөткөндүгүн себеп көрсөткөн АКШ менен Европа Биримдиги Орусияга экономикалык санкцияларды киргизүүнү улантып жатышат.



Тектеш кабарлар