Непалда тик учар кырсыкка учурады
7 кишиден эч ким аман калган жок.
547977
Непалдагы тик учар кырсыгында 7 киши каза болду.
Непалдын Гуркхи аймагынан учкан тик учар кош бойлуу аялды Катмандуга алып бараткан.
Менчик фирмага таандык тик учар Нувакот аймагына түштү.
7 киши болгон тик учардан эч ким аман калган жок.
Кырсыктын себеби азырынча белгисиз. Аймакта издөө иштери уланып жатат.