Германиянын Түркия менен Орусиянын жакындашуусуна байланыштуу билдирүүсү
Түркия менен Орусиянын ортосундагы маселелердин чечилүүсү Сириядагы согуштун соңуна чыгарылышы жагынан да маанилүү
Германия Түркия менен Орусиянын жакындашуусуна ыраазычылыгын билдирди.
Германиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысынын орун басары Савсан Шебли Федералдык маалымат борборундагы билдирүүсүндө: «Учак кризисинен кийин Түркия менен Орусиянын ортосунда кайрадан жакындашуунун болушу бизди кубандырды»,-деди.
Эки өлкөнүн жакындашуусунун НАТОнун ичиндеги коопсуздук өнөктөштүгүнө терс таасир тийгизээрин ойлобогондорун белгилеген Шебли: «Түркия НАТОнун ичинде маанилүү өнөктөш болуп саналат,-деп айтты.
Шебли Түркия менен Орусиянын ортосундагы маселелердин чечилүүсү Сириядагы согуштун соңуна чыгарылышы жагынан да маанилүү экенин билдирди.
Тектеш кабарлар
Палестинаны колдоо митингдери
Көптөгөн өлкөлөрдө университет студенттеринин Палестинага колдоо көрсөтүү митингдери да уланууда.