ФЕТӨнүн окуу борборлорун изилдеген Марк Холлдун маанилүү маалымдоолору

АКШда ФЕТӨнүн окуу борборлоруна байланыштуу билим берүү дүйнөсүндө бир топ кайчылаш ой-пикир жаралган.

539488
ФЕТӨнүн окуу борборлорун изилдеген Марк Холлдун маанилүү маалымдоолору

АКШда 5 жылдан бери ФЕТӨнүн окуу борборлорун изилдеген Марк Холл бул уюмдун Түркиядагы төңкөрүш жасоо аракетине эч таң калбагандыгын айтты.

АКШда ФЕТӨнүн окуу борборлоруна байланыштуу билим берүү дүйнөсүндө бир топ кайчылаш ой-пикирди жараткан «Killing Ed» даректүү  тасмасынын режиссеру Холлдун "Анадолу" Агенттигинин кабарчысына берген маегинде «Гүлен жана  анын тарапкерлеринин Түркияда зордук-зомбулук катышкан төңкөрүш жасоо аракети абдан кооптондурат. «Killing Ed» тасмам үчүн 5 жылдай Гүлен кыймылын изилдегенден кийин өкмөттү кулатууга ашыгышына таң калган жокмун.  АКШда дат баскан, терс таасири бар болчу»,-деди.

ФЕТӨнүн АКШда биртоп саясатчы, журналисттери жана да окумуштуулары бар экендигин баса белгилеген Холл, «АКШда жыл сайын Гүлендин жолдоочулары 150 окуу борборун башкарсын деп 500млн.доллардын бөлүнүп турушу менин көңүлүмдү бурган эле»,-дейт.

АКШнын расмий өкүлдөрүнөн «Биздин салыктар Гүлен тарабынан Түркияда ишке ашпай калган куралдуу аскердик төңкөрүшкө жумшалдыбы?»- деп сурады Холл.

Холл ФЕТӨнүн корбашчысы Гүленди АКШ Түркияга өткөрүп берет деген үмүттө экендигин да кошумчалады.

 



Тектеш кабарлар