Мароккодо Түркияны колдогон митинг болуп өттү

Түркиянын Рабат элчилигинин алдында өткөрүлгөн митингге жүздөгөн Марокко жараны катышты

532626
Мароккодо Түркияны колдогон митинг болуп өттү

Марокконун борбор шаары Рабатта Фетуллахчы террордук уюмдун 15 -  июлда Түркиядагы козголоң кыймылына каршы чыгуу үчүн митингге чыгышты.

Королдукдун жаштык кыймылы тарабынан Түркиянын Рабат элчилигинин алдында өткөрүлгөн митингге жүздөгөн Марокко жараны катышты. Митингде : «Түркияда террор жана террорчуларды каалабайбыз», «Жашасын Түркия, жашасын түрк калкы», «Улуу Түркия» деген ураандар менен жүрүштү. Королдукдун жаштык кыймылынын башчысы Дали Мухаммед : «Марокко калкы ар дайым бир тууган Түркия менен бирдикте болот»,- деди. Козголоң кыймылына биринчи болуп каршы чыккан өлкөлөрдүн бири Марокко экендигин баса белгилеген Дали : «Араб дүйнөсү үчүн модель болгон боордош өлкө Түркияда жасааган кыймыл өлкөнүн ырааттуулугун, экономикасын жана биримдигин  бутага алууда. Түркиянын акыркы жылдарда өнүгүү үчүн басып өткөн жолун көрө албаган өлкөлөрдүн жардамы менен жасалган бул кыймылга тоскоол болгон түрк калкын куттуктайбыз»,- деди.

Андан кийин Түркия элчилигине ичинде сокку кыймылында каза болгондор үчүн көңүл айтылган конверт коомдун атынан тапшырылды.

 

 



Тектеш кабарлар