Дүйнө жүзү Түркияга колдоо көрсөтүүдө

Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) төңкөрүш аракетине дүйнө жүзүнөн каршы чыгуулар келиши уланууда.

532611
Дүйнө жүзү Түркияга колдоо көрсөтүүдө

Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) төңкөрүш аракетине дүйнө жүзүнөн каршы чыгуулар келиши уланууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун жарыясында кыйын кезеңде Түркиянын колдоого алынышы улантылганы билдирилди.

БУУнун баш катчысынын өкүлү Ферхан Хаг, өзгөчө ийгиликсиз төңкөрүш аракетинен кийин Түркиядагы абалга байкоо салынып жатканын айтты.

Хаг, Түркияда демократия жана конституциялык принциптердин корголушунун маанисине токтолду.

Европа Биримдиги кеңешинен да Түркиядагы төңкөрүш аракетине айыптоо айтылды.

Тышкы байланыштар кеңеши Бельгиянын борбор калаасы Брюсселдеги жыйналыштан кийин жарыялаган биргелешкен билдирүүдө, «Европа Биримдиги, Түркиядагы төңкөрүш аракетин күчтүү түрдө айыптайт жана өлкөнүн мыйзамдуу мекемелерине болгон толук колдоосу жаңыланууда»,деген сөздү айтты.

Европа Биримдигинин түрк калкы менен колдошуу маалыматын берген билдирүүдө, төңкөрүш аракети убагында каза болгондор үчүн капа болгондору да белгиленди.

Билдирүүгө кол койгон Европа өлкөлөрү, Түркиядагы саясий партиялардын түрк демократиясын колдоо темасындагы биргелешкен мамилесине ыраазы болгондорун айтышты.

Англиянын премьер-министри Тереза Мэй да өлкөсүнүн Түркиянын демократиялык түрдө шайланган өкмөтүн жана мекемелерин күчтүү түрдө колдогонун айтты.

Премьер-министрлик кызматка келгенден кийин Англис парламентинин астыңкы баскычы Эл өкүлдөр палатасындагы алгачкы сөзүндө, Түркияда болгон төңкөрүш аракетине токтолуп төкөрүш аракетин катуу айыптагандарын белгилеп өттү.



Тектеш кабарлар