Йеменде кагылышуу болду
Таиз шаарында бийлик тараптагы күчтөр менен хуситтер жана тактан түшүрүлгөн президент Али Абдуллах Салихтин жан-жөөкөрлөрүнүн ортосундагы чыр - чатакта 24 киши каза тапты.
Йемендин ортоңку бөлүгүндө жайгашкан Таиз шаарында бийлик тараптагы күчтөр менен хуситтер жана тактан түшүрүлгөн президент Али Абдуллах Салихтин жан-жөөкөрлөрүнүн ортосундагы чыр - чатакта 24 киши каза таап, 32 киши жараланды.
Өлкө президенти Абдураббу Мансур Хадини колдогон Элдик каршы туруу күчтөрүнүн (ЭКК) басма сөз борборунан берилген маалыматы боюнча, Таиздеги Жебель Сабр аймагында чыккан чыр - чатакта хуситтер жана А. Салих тараптагылардан 22, ЭККдан 2 киши набыт болгон. Ошондой эле, ЭККдан 9, хуситтерден 23 киши жаракат алган.
Аны менен катар, хуситтер менен Салихтин тарапташтары кечээ кечинде өлкөнүн түштүк – батышындагы ЭККнын жайгашкан аймагына ракета менен чабуул жасады.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.