Тереза Мэй кызматын расмий түрдө баштайт
59 жаштагы Мэй ханышанын расмий турак жайы Букингем сарайына барып, жаңы өкмөттү куруу менен милдеттендирилди
529035
Англиянын жаңы премьер – министри Тереза Мэй кызматын расмий түрдө баштады.
Бириккен Королдуктун 76 - премьер – министри катары кызматын Дэвид Кэмерондон кечээ өткөрүп алган 59 жаштагы Мэй ханышанын расмий турак жайы Букингем сарайына барып, жаңы өкмөттү куруу менен милдеттендирилди. 30 минутага жакын созулган жолугушууда Тереза Мэйди жубайы Филип Мэй да коштоду.
Англиянын ханышасы 2 - Элизабет тактыга чыккан 1952 – жылдан бери кызмат кылган 13 - премьер – министр болгон консерватор партиядан Тереза Мэй Маргарет Тэтчерден кийин өлкөнүн экинчи аял премьер – министри болду.
Тектеш кабарлар
Нигерияда куралдуу кол салуу болду
Нигериянын Замфара жана Кацина штаттарында болгон куралдуу кол салууларда 42 киши каза болду.