Францияда "Улуттук Күнүндө" катуу коопсуздук чаралар көрүлүүдө
11 миң 500 полиция жана жандармерия кызмат кылат
«14 – Июль Улуттук Күн» майрамынан улам Францияда коопсуздук күчтөрү аракетке өттү. Майрам учурунда коопсуздукту түзүү үчүн 11 миң 500 полиция жана жандармерия кызмат кылат.
Президент Франсуа Олланд менен чет элдик коноктор да катыша турган аскердик аземде катуу коопсуздук чаралар көрүлүүдө. Полиция тик учарлары да күзөттө турушат. Жүрүш боло турган аянтка кирүүдө текшерүүлөр болот. Катуу коопсуздук чараларды көрүү кечинде боло турган концерттерде да улантылат.
Парижде 2015 - жылы ноябрь айында болгон кол салууда 130 киши каза болгон. Бул кол салуулардан кийин өлкөдө өзгөчө абал жарыяланган болчу.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.