Гитлердин туулган үйү кулатылабы?

Вольфганг Соботка Гитлердин туулган үйүнүн кулатылышынын эң таза чечим болоорун айтты.

528549
Гитлердин туулган үйү кулатылабы?

Австриянын ички иштер министри Вольфганг Соботка, Гитлердин туулган үйүнүн кулатылышынын эң таза чечим болоорун айтты.

Австриянын социалдык демократ партиясынын мүчөсү Соботка, жумалык Министрлер кеңешинин жыйналышындагы сөзүндө Адольф Гитлердин туулган үйүнүн мамлекеттештирилиши максаты менен даярдалган мыйзам долбоорунун акыркы баскычка келгенин айтты.

Үй тууралуу чечим чыгара алуулары үчүн мыйзамдаштырыла турганын билдирген Соботка: «Мыйзам керек. Анткени Республика өткөндө көп жолу болгону сыяктуу үйдүн Ное-Назилердин (улутчулдардын) сыйынуу борбору болуусуна жана ал жерде чогулуп ураан чакырышына бөгөт койгусу келет. Менин көз карашым үйдүн кулатылышы. Менимче кулатуу эң таза чечим болот»,-деп айтты.

Ички иштер министрлигинин катчысы болсо кулатуу азырынча сөз болбогонун жана Парламенттин жылдын акырына дейре Гитлердин туулган үйүнүн акыбетин белгилей турган чечим чыгараарын жарыялады.

Борбордук оңчул Австрия элдик партиясынын мүчөсү вице-премьер Рейнхольд Миттерленер болсо тарыхый коргоо астында болгону үчүн үйдүн кулатылбай турганын билдирип, бул жердин билим берүүгө байланыштуу музейге айландырыла турганын белгиледи.

Австрия өкмөтү улутчулдардын борборуна айланышына бөгөт болуу үчүн Адольф Гитлердин туулган үйүн сатууну каалабаган үй ээсине, мамлекеттештирилгенде чоң көлөмдө акча төлөп берүүгө да камданууда.



Тектеш кабарлар